Жалал-Абад шаарында жаштар тарабынан «китеп той» өткөрүлүп, доорубуздун Дүйшөнүнө автоунаа белек кылды
Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Бектур Токтоноев «Kadam-media.kg» маалымат порталына билдирди. Иш-чарага экс-министр Нуржигит Кадырбеков, «Эне мектеби»нин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов, төкмө акын Идирис Айтбаев, Мамбетисан Ибраев сыяктуу бир катар инсандар катышты.
«Семинарда, агартуу, илим, китеп окуу, тарбия, ата-энеге урмат сый деген темалар талкууланды. Иш-чарага жалпысынан 600 гө жакын киши келди. Билеттер чектелүү болгондуктан көптөр кире албай калышты. Өзгөчөлүгү, келген коноктор соңуна чейин отурушуп жан дүйнөгө бир топ азык алышты. Семинар 4 саатка созулду»,-дейт уюштуруучулар.
«Китеп той» маданий интелектуалдык кеченин соңунда «Дост курулуш» компаниясынын башкы директору Түгөлбай Сейдалиев Гапыр Мадаминов агайга унаа белек кылды.