Жалал-Абад шаарында жаштар тарабынан «китеп той» өткөрүлүп, доорубуздун Дүйшөнүнө автоунаа белек кылды

1204

Бул тууралуу  уюштуруучулардын бири Бектур Токтоноев  «Kadam-media.kg»  маалымат порталына билдирди.  Иш-чарага экс-министр Нуржигит Кадырбеков, “Эне мектеби”нин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов, төкмө акын Идирис Айтбаев, Мамбетисан Ибраев сыяктуу бир катар инсандар катышты.

«Семинарда, агартуу, илим, китеп окуу, тарбия, ата-энеге урмат сый деген темалар талкууланды. Иш-чарага жалпысынан 600 гө жакын киши келди. Билеттер чектелүү болгондуктан көптөр кире албай калышты. Өзгөчөлүгү, келген коноктор соңуна чейин отурушуп жан дүйнөгө бир топ азык алышты. Семинар 4 саатка созулду»,-дейт уюштуруучулар.

«Китеп той» маданий интелектуалдык кеченин соңунда «Дост курулуш» компаниясынын башкы директору Түгөлбай Сейдалиев Гапыр Мадаминов агайга унаа белек кылды.