Бишкектеги Зениттик-ракеталык аскер бөлүктө кызмат өтөгөн жоокерлер массалык түрдө кургак учук жуктуруп алган. Бул тууралуу жугуштуу ооруга чалдыккан аскердин биринин атасы informator.kg сайтына маалымдаган.

Анын айтымында, акыркы эки ай аралыгында аталган аскер бөлүктөгү 10дон ашуун жоокерден кургак учук оорусу аныкталган.

“Бүгүн ата-энелер чогулуп жатабыз, жоокерлер ар кандай, кээ бири бир ай мурун, кээ бири андан бери, айтор аз убакытта 10дон ашуун жоокер кургак учукка кабылганы билинген. Угушубузча, курак учук менен ооруган бир жоокерди карантинге чыгарып,. Башкалардан оолак дарылоо, тиешелүү ооруканаларга жаткыруу болгон эмес. Биз тактап туруп маалымат беребиз, коомчулук билсин”,-деди аты-жөнүн атоодон кармаган жаран.

Бул боюнча азырынча Коргоо министрлиги менен байланышуу мүмкүнчүлүгү болгон жок.