2021-жылдын 9-март күнү Өзгөн РИИБне, Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталынын Жаштык көчөсүнүн тургуну, 39-жаштагы  Н.У арыз менен кайрылган.

Анда 2021-жылдын 5-мартынан 6-мартына караган түнү Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталынын Жаштык көчөсүндө жашаган үйүндөгү мал сарайына белгисиз атуулдар жашыруун түрдө киришип, сарайдын ичинде байланып турган 60 000 (алтымыш миң) сомдук бир баш кара-күрөн түстөгү үч жашар кунажынын уурдап кетишкен.

Эртеси күнү малдын уурдалганын билип, Өзгөн районунун Красный-Маяк мал базарына барып бейтааныш бала, кунажынды уурдап алып барган белгисиз атуулдан сатып алып кармап турган жеринен таап алган. Ошондуктан Н.У нун мал сарайында жашыруун түрдө кирип малды уурдап алып барып, саткан белгисиз атуулду таап анын үстүнөн мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Жалпысынан Н.У га 60 миң сом чыгым болгон. Ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү катары 20 жаштагы Өзгөн районунун Заргер айылынын тургуну У. А жана Өзгөн районунун Жаңы Өзгөн айылынын тургуну 21 –жаштагы Б.Ы кармалып, Өзгөн районунун убактылуу кармоо жайына киргизилди. Азыркы убакта шектүүлөрдүн дагы башка кылмышка тиешеси бар экендиги жөнүндө тергөө амалдары жүрүүдө.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы