Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги, Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча кайра бөлүштүрүлгөн каттамдардын жыштыгы тууралуу билдирет.
Маалыматка ылайык, жарандык авиация агенттиги Россия Федерациясынын федералдык аба транспорт агенттигинин чечимине ылайык, 2021-жылы 3-марттан баштап Москва-Бишкек-Москва маршруту боюнча каттамдар төмөндөгүдөй болорун маалымдайт:
– “Аэрофлот” авиакомпаниясы – жума жана жекшемби күндөрү 2 ирет;
– “Ураль авиалиниясы” авиакомпаниясы – шейшемби күндөрү 1 ирет;
– “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү 3 ирет.
Россия Федерациясына багыт алган калган каттамдар чартердик болуп саналат.