Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол транспорткырсыктары, жолдогу балдардын коопсуздугу жол кыймылынын катышуучуларын кайдыгер калтырбашы керек, анткени жолдордо балдар катышкан кырсыктар улуу муундун  балдардын өмүрүн жана ден-соолугун сактоого кош мүнөөз кароосунан болууда десек деле жаңылбасак керек.

Көбүнчө, балдар жүргүнчү жана жөө жүргүнчү катары баратып жол кырсыктарынын катышуучулары болуп калышууда. Жол кырсыгына кабылган жүргүнчү катары бараткан балдардын саны жол кырсыгынан жабыркаган балдардын үчтөн экисинен ашыгын түзгөн. Буга күнөөлүүлөр балдарга карата жол коопсуздугуна жоопкерчиликсиз мамиле кылышкан ата-энелер жана албетте, каршы тилкеге чыгып кетип, башка унаалар менен бетме-бет кагылышып, же башкаруусун жоготуп, унаанын оодарылып кетишине, ичимдик ичип унаа башкарып же башка тоскоолдуктарга кабылышына жол берген айдоочулар. Көпчүлүк учурларда, балдарды унаа ичинде балдарды коргоочу кур жана коопсуздук курларын колдонбостон, көбүнчө ата-энесинин же туугандарынын колунда алып жүрүшөт.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды айдоочулук маданиятты сактоого, жолдо өтө кылдат жана этият болуу, айрыкча унаа ичинде жүргүнчү балдар бар болсо, тыкан көңүл бурууну өтүнөт. Мындан тышкары, унаада жашы жете элек балдарды ташууда коргоочу кур же коопсуздук шаймандарды колдонуу милдеттендирет.

Ошондой эле, белгилүү бир «тобокелдик тобун» түзгөн жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын өзгөчө мамилесине муктаж болгон жөө жүрүүчү балдардын коопсуздугуна кооптонуу бар. Жаш курагына байланыштуу, жашы жете электер жол кыймылынын абалын ар дайым жетиштүү деңгээлде баалай алышпайт, бул алардын өмүрүн ашыкча тобокелге салат. Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол кырсыктары көбүнчө түнкүсүн болот, анткени кичинекей жөө жүргүнчү эгерде анын кийиминде чагылдыруучу элементтер жок болсо айдоочуларга дээрлик көрүнбөйт. Сиз чагылдыргычтын артыкчылыктары жөнүндө ар дайым эсиңизден чыгарбаңыз, анткени айрыкча булуттуу аба ырайында жана түнкүсүн жарыктандыргычтын аркасында балдар жолдо айдоочуга алыстан көрүнүп кырсыкты алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Жылуу жаз мезгилдин башталышы менен, балдардын жол кырсыгына кабылуу коркунучу күчөйт, ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугу камсыздоо башкы башкармалыгы дагы бир жолу ата-энелерге, улуу муунга төмөнкү жол кыймылынын эрежелерди сактоону сунуштайт:

  • Балаңыз менен көчөгө чыкканда, баланын колун бекем кармаңыздар!
  • Жолдо тротуар же атайын жөө адамдар өтүүчү жерлер менен гана жүрүңүз, жолдун оң жак тарабы менен, мүнкүнчүлүк жок болсо, жолдун сол тарабы менен унаа каттамына карама-каршы карай баскыла. Мындай шартта унаа айдоочулар сизди, сиздер унааны көрүп турууга мүмкүнчүлүк берүү менен коопсуздук сакталат.
  • Жол тилкесин жашыл жол чырагынын түсүндө же жөө адамдар өтүүчү жерлерден гана кесип өтүңүздөр.
  • Эгер унаа алыс болсо дагы — келе жаткан унаага чейинки аралыкты туура эсептеп, мүнкүнчүлүгүңүздү караңыз. Эсиңерде болсун, унаа тез токтой албайт. Ошондуктан унаанын алдынан өтпөй, күтүп турганыңыздар туура.
  • Жаш өспүрүмдөр күтүлбөгөн жерден жолго чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн, унаадан биринчи улуу адамдар чыгып андан соң балдарды чыгаруу керек!
  • Автобустан түшкөндө, дароо жолдон өтүп кетүүгө аракет кылбаңыз. Автобустун кетүүсүн күтө туруңуз, ошондо жолдун эки тарабы тең көрүнөт. Автобусту алдынан да, артынан да айланып өтүү кооптуу экендигин унутпаңыз, анткени ал жерден дагы бир башка унаа чыгып калышы мүмкүн.
  • Ыңгайсыз аба ырайы болгон (жаан, кар, муз, туман) учурунда жолду кесип өтүү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, анткени аба ырайынын кесепетинен көрүү мүмкүнчүлүгү төмөндөйт, айрыкча көтөрүлгөн жакка же кол чатыр жана башкалар тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Кийип жүргөн кийим балдарга жолдун көрүнүшүнө тоскоол болбошу керек!
  • Эгер сиз балаңызга велосипед, самокат ж.б.у.с оокаттарды сатып алсаңыз, алгач жол эрежесин бирге жүрүп үйрөнүп, атайын велосипед тебүүчү, жабык аймакта жүрүүнү үйрөнүңүз. Жаш өспүрүмдөргө жолго велосипед тээп чыгуу 14 жаштан баштап уруксат берилээрин унутпаңыз.
  • Жол эрежесине ылайык 12 жашка чейинки жаш өспүрүмдөрдү автоунааларда ташууда сөзсүз түрдө атайын балдарды коргоочу жабдыктарды, атайын отургучтарды колдонуңуздар, бул жол кырсыгында жаракат алуу коркунучун жана кырсыктын кесепеттеринин оордугун бир кыйла төмөндөтөт.
  • Балдарды жолдо кароосуз калтырбаңыз! Ал эми жеткинчек класстардын окуучулары менен, жолдогу коопсуздукту үйрөнүү үчүн алгач мектептен үйгө чейинки жолду бир нече жолу басып өтүү керек.

Баланын коопсуздугун сактоо үчүн ата-энелер ага жол кыймылынын эрежелеринин негиздерин дайыма эскертип турушу керек. Ал жол тилкелерин туура кесип өткөндү билиши керек, токтоп, алгач солго, андан кийин оңго, дагы солго карап, андан кийин гана автоунаалардын жоктугуна көз салып, кыймылды башташы керектигин унутпашы керек. Бала жолду «кызыл» жарыка өтүүгө таптакыр тыюу салынгандыгын түшүнүшү керек жана бул эрежени бузуу анын өмүрүнө зыян келтириши мүмкүндүгүн билиши керек.

Балдар жол мыйзамын ата-эненден көрүп, сиздерден тарбия алат – ата-эне. Сиздер көчөдөгү маданиятуулугуңүз жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо менен балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактап калууда зор салымыңыздарды кошосуздар!

 

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы