Саясат

Президент Садыр Жапаров Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды

 Президент Садыр Жапаров Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алар билим берүү чөйрөсүндөгү кыргыз-орус кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын билим берүү жана илим министрлиги менен Орусиянын агартуу министрлигинин ортосунда мектептерди куруу, ыктыярчы мугалимдер менен камсыз кылуу, Орусиянын ЖОЖдорунда мугалимдерди даярдоо, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана айрым сабактарды окутуу боюнча тажрыйба алмашуу жөнүндө макулдашууларга жетишилгендигин канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров ар бир аймакта, Бишкек жана Ош шаарларында бир катар мектептерди куруу боюнча Россия тараптын жардамын колдой тургандыгын билдирди.

 

Президент  Орусия Федерациясына болгон иш сапарынан кийин өлкөнүн өкмөтүнүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бул багытта маселени иштеп чыгуу боюнча буйрук берилгенин кошумчалады.

Президент Кыргызстанда орус тилинде окуткан биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерди куруу, түзүү жана иштетүү боюнча артыкчылыктуу иш-чаралардын планы иштелип чыккандыгын өзгөчө белгиледи. Бул планды ишке ашыруу биргелешкен жалпы билим берүүчү мектептерин түзүү, куруу жана иштетүү шарттары жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюуну тездетет деп кошумчалады.

Орусиянын агартуу министри Сергей Кравцов бүгүн билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Кызматташтык жөнүндө биргелешкен протоколго кол коюлганын, ал министрлердин деңгээлиндеги байланышты күчөтүүгө жардам берерин маалымдады.

 

 

Сергей Кравцов ошондой эле билим берүү долбоорлорун ишке ашырууда улуттук компонентти — улуттук тилди, өлкө тарыхын жана каада-салтын эске алуу өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Бул багытта тажрыйба алмашууну күчөтүү максатында Кыргызстандын мектептерине орус мугалимдерин тартуу программасын кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди. Бүгүнкү күндө 29 орус мугалими Ош шаарындагы мектептерде иштеп жатышат.

Сергей Кравцов Кыргызстандын айыл жерлеринде мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна кызыкдар экенин жана анын маанисин белгиледи.

Мындан тышкары, Орусиянын агартуу министри президент Садыр Жапаровго эл аралык «Артек» балдар борборуна 150 орундук сертификат-жолдомосун тапшырды.

Садыр Жапаров эки министрликтин билим берүү жаатындагы тыгыз кызматташтыгы мындан ары да улантыларына үмүт артарын айтып, Орусиянын президенти Владимир Путинге өлкөнүн билим берүү системасын колдогону үчүн ыраазычылыгын билдирди.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button