УКМК: Баткен областындагы Самаркандек айылынын жергиликтүү тургундар менен УКМК төрагасы  К.Ташиев жолугушушту. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2021-жылдын 15-мартында Баткен облусунун Самаркандек айылында Кыргыз Республикасынын УКМК башчысы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев менен жергиликтүү калк ортосунда жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө чек ара аймактарынындагы жашоочулары туралуу маанилүү маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын УКМК башчысы К.Ташиев баардыгына кайрылып, бардык чек ара маселелери мамлекеттин өзгөчө көзөмөлүндө экендигин жана коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Чек аранын бардык талаштуу тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгына ылайык, тынчтык жолу менен гана чечилерин айтып кетти.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев аткезчиликти жана башка кылмыш иштерине бөгөт коюуга багытталган укук коргоо жана башка органдардын мыйзамдуу аракеттерине тоскоолдук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчиликтер караларын баса белгиледи.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өттү.