Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы (ТМКК) Багдад Амреевди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Түрк кеңеши түзүлгөндөн бери жакшы натыйжаларга жетишип, эл аралык коомчулуктун колдоосуна ээ болгонун канааттануу менен баса белгиледи.

Ал ТМККнын коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүнүн алкагында жигердүү иш алып барып жатканын белгилеп, анын бул багыттагы аракеттери кеңешке мүчө-мамлекеттерге эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу үчүн зарыл чараларды кабыл алууга жардам берип жатканына токтолду.

Садыр Жапаров ошондой эле, Түрк кеңешинин Инвестициялык фондусун түзүүнүн жана анын кеңсесин Бишкек шаарында жайгаштыруунун маанисин баса белгиледи.

Өз кезегинде Багдад Амреев Садыр Жапаровдун Казакстан жана Өзбекстанга болгон мамлекеттик иш сапарларынын ийгиликтүү жыйынтыктарын канааттануу менен белгилеп, бул түрк дүйнөсүнүн өнүгүүсүнө жана биримдигине өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

ТМККнын Башкы катчысы Түрк кеңешинин алкагында күн тартибиндеги бардык багыттарда, анын ичинде Түрк кеңешинин Инвестициялык фондусун Бишкекте түзүү боюнча да биргелешкен иштерди жүргүзүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин айтты.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле, кыргыз тарап мындан ары да түрк тилдүү өлкөлөр менен бир туугандык жана достук мамилелерди чыңдоо багытында ырааттуу иш алып барарын баса белгилеп, жакынкы убакка мерчемделген ТМКК мамлекеттеринин башчыларынын бейрасмий жолугушуусуна катышарын тастыктады.