Шейшембиде күндүз республика боюнча мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көлдө +2…+7, Нарын өрөөнүндө 0…+5 градус болору боолголонду.

Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жааса, Ош шаарында жаан-чачын болбойт. Термометр борбордо +0…+2, Ошто +6…+8 градусту көрсөтөт.