Белгилүү ортопед, Бишкек шаардык №4 клиникалык оорукананын директору, профессор Сабырбек Жумабеков Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй маалыматы менен бөлүшкөн:
«Урматтуу достор бизде жакшы кабар. Көптөн бери аракет кылган мээнетибиз жанды.
Бугун Катар мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарымдуу Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайити мырза менен жолугушуу өткөрдүк. Жолугушуу учурунда Элчи мырза Катар мамлекетинин Өкмөтү Бишкек травматология жана ортопедия борборунун жаңы тогуз кабаттуу, заманбап технологиялар менен жабдууланган жаңы имаратынын курулушуна багытталган 9 млн. 240 мин АКШ доллар көлөмүндө каржылоого бөлүнгөнүн билдирди. Бул биз учун бөлүнгөн каражат 100% грант түрүндө берилет. Кредит эмес, кайтарбайбыз. Ошондой эле жолугушуу учурунда Элчи мырза борбордогу курулушту жүргүзүү аянтын көрүп, курулуш иштери тез башталганы абдан жакшы болоорун билдирүү менен, Катар тарап каржылоого толугу менен даяр экенин айтып кетти. Биздин өтүнүч менен тендер маселеси Элчилик тарабынан өткөрүлүп, курулуштун аягына чейин бүткөнчө өздөрү тологу менен көзөмөлгө алыша турган болду. (түшүндүңөр да.).
Жер, документер, ж.б. кагаздар мээрия тарабынан чечилмей болду. Документтер канчалык эртерек бүтсө, ошончолук курулуш эртерек башталат» — деп жазган Сабырбек Жумабеков.