Россияда коронавирустун түштүкафрикалык штаммы аныкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзор сайтында маалымдалды.

Федералдык кызматтын маалыматы боюнча, өлкөдө түштүкафрикалык штаммынын эки учуру катталды. Дагы 28 изолят британиялык вариантына таандык, 16 учурда башка мутациялар аныкталган. Россияда бразилиялык штамм аныкталган жок.

Маалым болгондой, коронавирустун жаңы жана жугуштуу түрү 18-декабрда Түштүк Африкада табылган. Кийинчерээк AstraZeneca коронавирус вакцинасы вирустун жаңы түрүнө каршы натыйжасыз экендиги белгилүү болду. Түштүк Африка бийлиги англиялык-шведдик фармацевтикалык компаниянын дары-дармеги менен калкты эмдөө планын ишке ашырууну токтотту.