Кыргыз милициясында үй-бүлөлүк династияны улантып, атасынын кесибин аркалап, жолун улап, ошол кесиптин түйшүгүн артынган уул-кыздарыбыздан уучубуз куру эмес. Бүгүн биз ички иштер органдарында көп жылдар бою кызмат өтөп, бул кесиптен баар таап, ардактуу эс алууга кеткен ИИОнун ардагери, милициянын отставкадагы подполковниги Ибраев Шайлообек Эшеналиевичтин тартип сакчылыгында кызмат өтөп келе жаткан кызы Назгул Ибраева менен маектештик.

Милициянын капитаны Ибраева Назгүл Шайлообековна Нарын облусунун Кочкор районунда 1989-жылы туулган. 2010-жылдан август айынан баштап ички иштер органдарында кызмат өтөп баштаган. Учурда Нарын райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу Оттук айылындагы Т. Жээналиев атындагы айылдык милиция бөлүмүндө жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектору. Бир кыз, бир уулдун мээримдүү энеси.

“Кесиптик династия –бул ата-энесинин ишин аркалап, алардын жолун улаган уул-кыздардын мууну. Анын ичинен милициянын үй-бүлөсүнүн династиясы-бул өзгөчө үй-бүлөлөр десем жаңылышпайм. Аткени ушундай үй-бүлөлөрдө Мекенге, элине жана кызматына берилгендик, кесипке болгон сүйүү балага жаш кезинен сүңгүп кирип, калыптанат. Биздин династиянын негиздөөчүсү-бул менин атам Шайлообек Ибраев. Ал ички иштер органдарында 32 жылдан ашык кызмат өтөп, милициянын подполковниги наамына жетип, ардактуу эс алууга кеткен. Ал балдары үчүн абийирдүүлүктүн, намыскөйлүктүн, кесипти берилгендик менен сүйүүнүн үлгүсү болгондуктан, балдары дагы ата жолун улап милиция кесибин аркалоону чечкенбиз. Бул чечимди кабыл алганыбызга дагы эч качан өкүнгөн жокпуз. Мен жана иним учурда милицияда кызмат өтөйбүз. Иним Шайлообек уулу Нурбек дагы учурда Жумгал РИИБнүн убактылуу кармоочу жайында иштейт.

Ал эми менин ишиме кайрыла турган болсок, учурда Нарын РИИБне караштуу Оттук айылындагы Т. Жээналиев атындагы айылдык милиция бөлүмүндө жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекторумун. Биздин негизги милдетке жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукту жана укук бузууларды, балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту алдын алуу, бөгөт коюу, профилактикалык түшүндүрүү иштери кирет”,-деди милициянын капитаны Назгүл айым.

Белгилеп кетчү жагдай, Нарын РИИБне караштуу Оттук айылындагы Т. Жээналиев атындагы айылдык милиция бөлүмчөсүндө иштеген жалгыз милиция айым. Мырза кесиптештери менен тең тайлаша иштеп, алардын арасында кадыр-баркка ээ болуп келет.

“Балдар менен иштөө негизинен кызыктуу. Тентектик кылып койсо же сабакка катышпай бош убактыларынын көбүнчө көчөлөрдө өткөргөн балдарга бул кылык-жоруктарынын туура эместигин түшүндүрөм. Алардын тилин таап, келечекке карай туура багыт берип келем. Мага тиешелүү аймактагы балдардын ар бирин жакшы тааныйм. Күлк-мүнөзүн дагы билип алгандыктан, ар бирине өзүнчө мамиле жасап, дос болгонго аракет кылам. Балдардын ишенимине ээ болуу менен көптөгөн укук бузууларды алдын алып койсо болот. Андыктан, өспүрүмдөргө өз балдарыңдай тарбия берип, акыл-кеңешиңди айтып, келечекке туура багыт берсең гана сен өзүнө ыйгарылган милдеттериңди толук аткардың деп эсептешиң керек. Мен биздин келечек муунубуз болгон ар бир өспүрүм жашоодо өз ордуларын таап кетсе деп тилейм”,-деди каарманым Назгүл.

ИИМдин Басма сөз кызматы