Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго окшош экени айтылып, элдин оозуна алынып жаткан жигит Аскар Байдылда жергиликтүү кийим дүкөндөрүндө жарнамага тартыла баштады.

Буга чейин моделдик кесипти аркалабаса дагы соцтармактын колдонуучулары бул ишмердүүлүгүн колдоого алып жатышат. Азыркы убакта бир кийим дүкөнү менен келишим түзүп, түркүн-түстүү кийимдерди жарнамалап баштады.

Буга чейин Аскар өзүнүн берген маегинде Жапаровду тааныбай келгенин, ажонун өзү менен көрүшсөм деген ою бар экенин айтып, учурдагы кесиби укалоочу экенин айткан эле.