Кыргызстан мамлекеттик карызын төлөй баштады
Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 5 миллиард 457,8 миллион сом карызынан кутулду. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Төлөнгөн каражаттын 3 миллиард 049,4 миллион сому тышкы карызды жана 2 миллиард 408,4 миллион сому ички карызды жабууга жумшалган
Министрлик 31-январга карата мамлекеттик карыздын (тышкы-ички) суммасы 4 миллиард 954,11 миллион долларга (420 миллиард 108,67 миллион сом) жеткенин маалымдады.
Анын ичинен 85,2 пайызы же 4 миллиард 221,61 миллион доллары (357 миллиард 992,44 миллион сом) тышкы карыз. Ал эми 14,8 пайызы же 732,5 миллион доллары (62 миллиард 116,23 миллион сом) ички карыз.
Ошондой эле, өлкө бюджетине январь-февраль айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 4 миллиард 520,03 миллион сом түшкөнү айтылды.