Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы  тууралуу оюн «Азаттыкка» маек берип жатып билдирди.

«Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы жакшы эле иштеп беришти. Октябрь окуяларында качып кетпестен иш алып барышты. 2010-жылы депутаттардын жарымы качып кетип, бир жыл бою конституциялык талааларга кире албай жүрдүк. Бул парламент октябрь окуяларында тынчтыкты сактаганга жардам берди. Булар чоң-чоң иштерди жасады. Бүгүнкү күнү эл Жогорку Кеңешти сындашы мүмкүн. Бир топ убакыт өткөндөн кийин бүгүнкү парламент жасаган иштер тарыхта калат», — деди ал.