Коронавирус менен экинчи ирет ооруп калган бейтаптар бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дүйнө коомчулугу карантиндик шарттарды катуу сактоого киришти. Эгерде жарандар мындай чараларга кайдыгер карай турган болсо, вирустун кайра жугуусу жогорулайт.

«Беткап кийбесек, илдеттин жаңы штаммы келе турган болсо, өткөн июлда болгон окуялар бери жакта калат. Биз бир нерсени бат унутуп калуу адатыбыз бар. Карантиндик шарттар сакталбагандыгы үчүн толкундар кайра пайда болууда. Элдин арасында оору өсө баштаганда, карантиндик чектөөлөрдү кайра киргизүү керек. Биз да беткап такпай, айтылгандарды укпасак, чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз», — дейт Үсөнбаев.

Ал белгилгендей, чектөө кирип калса, массалык иш-чараларга тыюу салынышы ыктымал. Авиакаттамдар, олбустар аралык каттамдар токтотулушу мүмкүн.

Булак:  “Марал” радиосу