Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова алдыда Олимп оюндарына даярдык көрүү үчүн соцтармактагы баракчаларын колдонууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу балбан кыз бүгүн, 16-мартта Фейсбуктагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырды.

«Урматтуу достор! Амансыздарбы? Менде болсо баары жакшы!

Бул жыл мен үчүн абдан маанилүү. Себеби алдыда Токиодо өтө турчу Олимп оюндары улам барган сайын жакындап келе жатат. Машыгуу процесстери улам күчөп, жоопкерчилик артып жатат. Бизге талап катуу, тартип биринчи орунда.

Мындан улам, социалдык тармактардан алысыраак болууга туура келип жатат. Азыр убактымды машыгууларга арнасам туура болот деп эсептейм. Менин чечимимди колдойсуздар деп ойлойм.

Ушул себептен дос, туугандардан келип түшкөн каттарга, чакырууларга жооп бербесем кечирим сурайм. Убактылуу аккаунттарымды токтото турам.

Элибизде тынчтык болсун! Рахмат!»,-деди Тыныбекова.