Мурзакулов Таалайбек Абдиллаевич – Лейлек райондук токой чарбасынын башчысы: «Жаратылышыбызды жабыркатпай, келечек муунга аздектеп өткөрүп берүү- башкы милдетибиз»

Жетимиш төрт жылдык даңазалуу тарыхы бар Кыргыз токой чарбасынын тарыхында Лейлектик токойчуларынын да өзгөчө өрду, үлкөн үлүш, салмактуу салымы тууралу сөз кылуу мен үчүн өзгөчө сыймык.

Планетардык масштабга өсүп жеткен экология маселеси дүйнө жүзүндө курчуп бараткан ушул кырдаалда атам замандан адамзат турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп келген жашыл табиятты көздүн карегиндей асырап, жаңы-жаңы токой тилкелерин тигип, аларды бапестеп багууну алдыларына бийик максат кылып коюшкан Лейлек токойчулук чарбасынын кызматкерлеринин бул мезгилдин ичинде эмгек жамаатыбыздын мүчөлөрү жергебиздин ажарын ачууда, аброюн көтөрүүдө жасаган бир топ алгылыктуу иштери, арбын ийгиликтери бар экенин айта кеткенибиз жөндүү.

Оболу, Лейлек жергесинин кең аймагын көрктөндүрүү үчүн жергиликтүү токой чарбасын түзүү зарылдыгын дил тереңинен түшүнгөн грек кулуну Владимир Федорович Додосьян жергиликтүү бийликтегилерден тартып, жогору жакта олтурган жетекчилерге жеткире айтып жүрүп, Үч-Коргон токой чарбасынан 1983-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССР Министрлер Советинин №552-токтому менен Лейлек токой чарбасы катары өзүнчө бөлүнүп чыгуусуна жетишкендигин баса белгилөөгө тийишпиз.

Ошол күндөн тартып иштерман инсан, уюштургуч жетекчинин демилгеси менен канчалаган түшүнбөстүктөр, тоскоолдуктар, кыйынчылыктарга карабастан Коргон айылында 10 га., Катраң айылында 55 га., Өзгөрүш айылында 200 га., Исфана шаар башкармалыгынын аймагында 37 га. аянтка өрүк, алма бактарын, жол жээгиндеги токой тилкелерин, Кулундуда 35 га. жерге эрозияга каршы тилкелерди, Арка зонасындагы ушундай эле максаттагы 60 га. тилкелерди, Ак-Суудагы 296 га. аянттагы мисте, бадамдарды, Булак-Башыдагы 90 га. аянтка мисте, бадам көчөттөрүн тигишип, булар азыр мөмөсүн элге тартуулап, экономикабызды чыңдоого жардам берип жатканын тана албайбыз.

Бүгүнкү күндө Лейлек токой чарбасынын жалпы аянты 110235,6 гектарды түзүп, түндүктөн-түштүккө карай 49 чакырым, батыштан-чыгышка карай 84 чакырым аралыкка созулуп жатат. Алардын ичинен, токойду өнүктүрүү, коргоо иштерин натыйжалуу жүргүзүү үчүн түзүлгөн Өзгөрүш (50709,4 га.), Белес (34191,7 га.), Исфана (22878,7 га.) жана Булак-Башы (3455,8 га.) токойчулуктары түзүлүп, кызматкерлери үзүрлүү эмгектенип жатышат.

Былтыркы жылы Исфана токойчулугунун “Корхана” капчыгайына 24,0 га. аянтка өстүрүлгөн арча көчөттөрүнүн өсүү деңгээли 61,4 пайызды, ал эми Булак-Башы токойчулугунун “Төө моюн” капчыгайында 1,0 га. аянтка жабык тамырлуу ыкмада даярдалган мисте көчөттөрү өстүрүлүп, көчөттөрдүн өсүү деңгээли 63 пайызды түздү. Көчөттөрдүн аянты, түрү, жылы мамычаларга жазылып көрсөтүлүп, инструменталдык чиймелери GPS аппаратынын жардамы менен түшүрүлдү. Ал эми экме токойлорду толуктоо жумуштарына 30800 даана арча көчөттөрү жумшалды.

Көчөттөрдү үрөндөн өстүрүү боюнча 0,05 га. аянтка 35 кг. арча, 0,01 га. аянтка 2,7 кг. туя, 0,16 га. аянтка 188 кг. өрүк, 0,01 га. аянтка 50 кг. шабдаалы, 0.08 га. аянтка 2,7 кг. алма, 0,03 га. аянтка 4 кг. кайрагач, 0,01 га. аянтка 2 кг. ак кайың, 0,05 га. аянтка 205 кг. жаңгак үрөнү себилди. Ал эми көчөттөрдү калемчесинен өстүрүү боюнча жалпы 0,48 га. аянтта терек, кара тал, брючина, ак кайың, туя, каштан, Тянь-Шань карагайынын 105,4 миң даана көчөттөрү өстүрүлүп жатат.

2020-жылдын жыйынтыгы менен ийне жана жазы жалбырактуулардын, бир жылдык көчөттөрдүн, эки жана андан жогорку жаштагы көчөттөрдүн, калемчелерден жана балатылардан көчүрүлүп (перешколка) өстүрүлгөн көчөттөрдүн жалпы саны 501,2 миңди түзүп, 2021-жылдын өндүрүштүк планы үчүн четин, дуб, шабдаалы, өрүк, алма, мисте, бадам, жаңгак, гүлсөөгар, арча, можжевельник жана алчанын 776 кг. үрөнү даярдалып коюлган.

Жогоруда айтылгандардан сырткары кызматкерлерибиз жыл бою токой, питомниктерге себүү, көчөт өстүрүү, токой үрөндөрүн даярдоо, жаңы арыктарды казуу, эскилерин оңдоо, жол, өрт коосуздугун камсыздоо, токой жана питомниктерди дарылоо, чуңкурларды казуу, жапайы айбанаттар үчүн азык даярдоо, туз салуучу ноолорду жасоо, кумурскалардын уюктарын тосмолоо, булак көздөрүн тазалоо ж.б.у.с. жумуштар менен алек болушат.

Лейлектик токойчулар жылына 500-550 миң даана көчөт өстүрүүгө жетишип, анын эсебинен районубуздун аймагын жашылдандырууга үлкөн үлүш кошуу менен, элибизди да декоративдик, мөмө-жемиш дарактардын көчөттөрү менен камсыздап келишет.

Жогорку жана андан кийинки муундардын таман эт, маңдай тери менен өстүрүлгөн, о.э. табигый токойлорду көздүн карегиндей коргоо жана аларды кайрадан калыбына келтирүүдө эринбеген эмгеги менен эл оозуна алынып келатышкан атуулдар бизде ондоп саналат. Алардын ичинен Булак-Башы токойчулугунун токой сакчысы Рахман Сайитмуратов, Өзгөрүш токойчулугунун токой сакчысы Нууман Ормошев, ушул эле токойчулуктун токой сакчысы Мамат Айдаров, Белес токойчулугунун токой сакчысы Турдали Кожояров, Исфана токойчулугунун токой сакчылары Таалай Канзаманов жана Файзулла Нарзуллаев, Лейлек токой чарбасынын башкы токойчусу Авазбек Иргашевдердин ысымдарын атай кетүү мен үчүн зор сыймык.

P.S:… Алдыдагы 75 жылдык торколуу тоюңуздар, кесиптик майрамыңыздарды жарык жүз, жаркын маанайда тосуп, жергебиздин көркүнө-көрк, сымбатына-сымбат кошуп, чырайына чыгарып жаткан асыл эмгегиңиздердин акыбети кайта берсин, ылайым!

ТОКОЙ БАШЧЫЛАРЫБЫЗ СҮЙЛӨШӨТ

Муратали Ташматов – Булак-Башы токойчулугунун токой башчысы:

— Биздин токойчулуктун кызматкерлери 2020-жылда 1 гектар аянтка жабык тамыр ыкмасында мисте жана бадам көчөттөрүн тигип, быйылкы жыл үчүн 500 даана мисте, 500 даана бадам көчөттөрүн даярдап койдук.

Буюрса, жакынкы күндөрдө 50 га. жердеги мөмөлүү жана декоративдик дарактар толугу менен акталат. Бүгүнкү күнгө чейин токойчулуктун тутумундагы Раззаков участогуна 0,18 га. аянтка шиповник (чычырканак) жана 10 чарчы метр жерге можжевельниктин уруктары себилди. Быйылкы жыл үчүн бизде бүгүн 51381 түп терек, 2194 түп жүзүм, 1818 түп туя, 7997 түп можжевельник, 6960 түп бадам, 17476 түп шабдаалы жана 2583 түп айгант көчөттөрү даяр турат.

Кубанычбек Ташов – Өзгөрүш токойчулугунун токой башчысы:

— Былтыркы жыл биздин жамаат үчүн да жемиштүү болду. Бүгүнкү күнгө чейин 1750 даана теректин жаш көчөттөрүн көчүрүп, 30 000 даана терек жана 5 000 даана бручина калемчелерин даярдап койдук. Токойчулуктун аймагындагы арендатор жашоочулар менен биргеликте бак-дарактарды актоо жана тазалоо иштери кызуу жүрүүдө. Мындан сырткары, 2020-жылы Бадамча питомнигинде 0,05 га. аянтта алманын, 0,16 га. жерде 5000 даана терек калемчелеринен көчөттөрдү өстүрдүк.

Уланбек Орозалиев – Белес токойчулугунун токой башчысы:

— Биздин токойчулар да жаңырган жаңы жылды эмгектеги ийгиликтер, жарык маанай менен тосуп алышты. Ал эми быйылкы жылга Ак-Тоок кыдырмасында 25 гектар аянтка бадам жана мисте көчөттөрүн себүү ыкмасы менен өстүрүүнү пландаштырганбыз. Аймагыбызды жашылдандыруу жана элибиз үчүн 7000 даана терек, 30 миң даана арча, 2000 даана бручина, 4000 даана кара тал көчөттөрүн казып алып, алардын ордуна тал, терек, бручина жана башка өсүмдүктөрдүн калемчелерин даярдап койдук. Учурда жазгы санитардык тазалоо, актоо иштери кызуу жүрүп жатат.

Абдиллабек АВАЗОВ,

КР журналисттер Союзунун мүчөсү.