Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан миграциялык мыйзамдын бузулушун аныктоого жана бөгөт коюуга, кылмышкерлерди мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууга багытталган ыкчам-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Мыйзамдуулукту камсыздоо, коомдук тартипти коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында, 2021-жылдын 10-мартынан 12-мартка чейин республиканын аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлери менен биргеликте «Нелегал»   аталышындагы  ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрү  бир катар мыйзам бузууларды аныкташкан. Мыйзамсыз миграцияны уюштуруунун 49 фактысы аныкталып, КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси  менен катталган. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана колдонуу эрежелерин бузган 12 факт аныкталып, материалдар КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 108-беренесине ылайык катталган.

Чет өлкөлүктөрдү каттоонун жол-жобосун бузган 23 факт аныкталып,  Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 292-беренеси боюнча аныкталды.   Кыргыз Республикасынын аймагында  чет өлкөлүк жарандардын эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруунун 6 мыйзам бузуулары аныкталды, бул фактылар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 57-1- беренеси боюнча катталды.

Миграциялык мыйзамды  бузган жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча 83000 сом өлчөмүндөгү айып пул салыды. Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча 5 факт аныкталды.

Мындан тышкары ыкчам-профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда ички иштер органдары бир катар кылмыш иштерин, анын ичинен экстремистик мүнөздөгү материалдарды даярдоо, жайылтуу сыяктуу фактылар аныкташты. Ага ылайык бул кылмыштарды жасоого бир нече жарандар шектүүдө.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы