Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтият) башкы эсепчиси Жеңишбай Бекиевдин бөгөт чарасы 11-мартта Бишкек шаардык сотунда каралып, үй камагына чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалым болгондой,12-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен башкы эсепчи 10-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.