Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудай, 500 тонна пахта үрөнүн берет. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилүү болгондой,  министр Аскарбек Жаныбков өткөн жумада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров баштаган расмий делегациянын курамында Өзбекстанда болду.

Маалыматка ылайык, министрдин боордош республикага болгон мамлекеттик иш сапарында бир нече натыйжаларга жетишилди. Тактап айтканда, Өзбекстан тарабынан 1000 тонна күздүк буудайдын жогорку түшүмдүү үрөнүн жана 500 тонна пахтанын үрөнүн Кыргызстанга жеткирүү боюнча келишим түзүлдү.

Ошондой эле Өзбекстан Кыргызстандын аймагына заманбап күнөсканаларды куруп, кийин ал кыргыз тарапка өтөт деп макулдашылды. Мындан сырткары, заманбап технологияларды колдонуп, мөмө-жемиш бактарынын заманбап сорттору менен бакча салуу чечими кабыл алынды. Өзбекстан Кыргызстанга акысыз 10 миң мөмөлүү дарактын көчөттөрүн берет, алар келечекте көчөттөрдү отургузуу үчүн мамлекеттик сорттогу участокторго отургузулат.

Коңшу республикага болгон иш сапарыбызда, ошондой эле этти кайра иштетүү, биздин өлкөдө малды жасалма уруктандыруу, бордоп семиртүү, союу жана Өзбекстандын аймагына экспорттоодон баштап эт өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Мындан тышкары Кыргызстанды минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси чечилди.

Ошондой эле Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы экспорттоо, илимий-изилдөө институттарынын кызматташуусу, тажрыйба алмашуу жана адистерибизди коңшу өлкөнүн ЖОЖдорунда окутуу маселесин талкууланды.