ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын  ыкчам кызматкерлери  ЖАМКтын кызматкерлери менен биргеликте бир нече миллион сомдук зыян келтирген алдамчылардын тобун аныкташты.  Алдамчылар ишкерлерди кумшекер сатып алууда алдашып, ири өлчөмдөгү акча каражаттарын ээлеп алып жүрүшкөн.

Ишкерлер кандайдыр-бир товарларды сатуу же сатып алуу үчүн  интернетке, анын ичинен «lalafo» тиркемесине жарыя жайгаштырышат. Бул  учурдан пайдаланышып, алдамчылар сатып алуучуну алдоого аракет кылышат. Кылмышкерлер ар кандай алдоо жолдорун ойлоп табышып, башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу максатында ишкерлердин ишенчээктигин, этиятсыздыгын жана шалаакылыгын пайдаланып кеткен учурлар жок эмес.

Айрым учурларда сатуучу жана  сатып алуучу менен алдамчылар байланышып, пайдалуу келишимди сунушташат. Бул учурда ишкерлер алданып жатканын түшүнбөй,  мындай телефон чалуулардын торуна түшүшөт. Телефон алдамчылары сүйлөшүүдө сатып алуучуну төлөөгө, ал эми сатуучуну товарды берүүгө мажбурлоого аракет кылышат. Качан гана бөлөк электрондук капчыкка же эсепке акча каражаты которулганда, алар тез арада жок болуп кетишет. Башка учурларда алдамчылар келишим түзүп келүү үчүн курьерлерди жөнөтүшөт.

Жакында ички иштер органдарына арыз менен шаардын тургуну (аял киши)  кайрылып, ушул жылдын февраль айынын ортосунда алдоо жолу менен олуттуу материалдык чыгым келтирген белгисиз адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.

Аныкталгандай, телефон алдамчысы  30 тонна кумшекерди жеткирип берем деген шылтоо менен ишкердин ишенимине кирип, 1 600 000 сомдон ашык  акча каражатын  ээлеп алган. Бул факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин  204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) боюнча катталган.

Милицияга дагы бир башка жабырлануучу ишкер арыз менен кайрылып,  өткөн жылдын декабрь айында Бишкектен телефон алдамчысы кумшекерди жеткирип берем деген шылтоо менен ишкердин ишенимине кирип, 1 200 000 сомдон ашык  акча каражатын  ээлеп алгандыгын билдирген. Жогорудагы эки окуя боюнча сатуу-сатып алуу келишимдеринен соң сатуучунун фирмасынын атынан курьерлер келип, акча каражаттарын алып кетишкен.

Мындан башка дагы ушундай алдамчылык иш-аракеттеринен жабыр тарткан ишкерлер бар.   ИИМдин Криминалдык милиция кызматы ишкерлерге келишимдерди түзүүдө телефон алдамчыларынан жабыр тартып калбоо үчүн  этият жана сак болууну сунуштайт.

2021-жылдын 12-мартында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жогорудагы фактыларга тиешелүү болгон кылмыштуу топту кармашты.

Жогорудагы алдамчылык иш-аракеттерин жасоонун уюштуруучусу Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну 1979-жылы туулган Юсуров Закир экендиги аныкталды.  Азыркы учурда ал мурда жасаган алдамчылык иш-аракеттери үчүн ЖАМКтын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жатат. Болжолдуу алдын ала маалымат боюнча бул жаран дагы башка ушундай кылмыш иштерине тиешеси бар.  Ал телефон аркылуу сатуучу жана сатып алуучулар менен сүйлөшүп, келишим түзүп жүргөн.    Ишкерлер аны менен сүйлөшкөндөн кийин ири суммадагы акча каражаттарынан кол жууп жүрүшкөн.

Андан сырткары акча каражаты үчүн келип жүрүшкөн курьерлердин дагы өздүгү аныкталды. Алар Чүй облусунун тургундары 1998-жылы туулган Блазов  Рамазан жана 1992-жылы туулган Искаков Рамиль.  Иликтөөнүн алкагында шектүүлөрдүн жашаган жерлерине тез арада тинтүү жүргүзүлүп, бир нече уюлдук телефондор, сим карталар, кастет, бычак, темир дубинка, кара түстөгү капчык, башка жарандарга тиешелүү болгон айдоочулук күбөлүк жана банктык карточка табылган.

Болжолдуу алдын ала маалымат боюнча жогоруда аты аталган жарандар алдамчылык жол менен табылып алынган  миллиондогон акчаларды  электрондук капчыкка которуу менен З.Юсуровго жөнөтүп турушкан. Өздөрүнө болсо алдоо жолу менен табылган акча каражаттарынын аз бөлүгүн алып  келишкен.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жарандарга, ишкерлерге, жабырлануучуларга  жогоруда аты аталган шектүүлөрдүн телефон алдамчылдыгына тиешелүү болгондугу жөнүндө кандайдыр-бир башка маалыматтарды билген болсоңуздар 0312 266015, 0312 266261 телефон номурларына кабарлап коюңуздарды суранабыз. Купуялуулукка кепилдик берилет.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы