Таласта ПЦР анализдин жасалма кылып сатып жүргөндөр кармалды
Талас ОИИБнин милиция кызматкерлерине Талас шаарынын тургуну 2020-жылдан бери, Казакстан Республикасына өтүү үчүн, адамдарга мыйзамсыз ар кандай документтерди жасап сатып жүргөн деген маалымат келип түшкөн.
Маалымат ар тараптан текшерилип, ага тиешелүү процессуалдык аракеттер аткарылган. Анын негизинде 4-март күнү Талас шаарынан 1974-жылы туулган Р.Ф. аттуу аял кармалган. Ал ПЦР тесттин справкасын жана төлөндү деген квитанциясын берип, ал кызматы үчүн 5000 (беш миң) сом акысын алып кетип бара жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн.
Шектүү Р.Фге ПЦР тесттерин жана ага тиркелген квитанцияларын жасап берип турган Талас районунун Көк-Кашат айылынын тургуну 1992-ж.т., Д уулу А. аттуу жаран кармалган. Иликтөө учурунда бири кардарларды таап, бири анализ менен квитанцияны жасап 500 сомдон бөлүп алып жүрүшкөн.
Аталган факты Талас ОИИБнин Кылмыштардын Жоруктардын Бирдиктүү Реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 359-ст. (документтерди жасалмалоо) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Азыркы учурда жазык иши боюнча тийиштүү экспертизалары дайындалып тергөө амалдары жүрүп жатат. Кармалган жарандар тергөөдө беришүүдө.
Талас ОИИБнин басма сөз кызматы