Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” атайын багыттыгы полкунун жана анын аймактагы бөлүктөрүнүн өздүк курамы укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ички иштер органдарынын бөлүмдөрү менен биргеликте полктун ишине тиешелүү бөлүгүн аткарып келет. Үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан тартып полктун Балыкчы шаарында жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкерлери Балыкчы РИИБнүн кызматкерлери менен биргеликте күн сайын коомдук тартипти жарандардын коопсуздугун камсыздап, кылмыштын бетин ачууда көмөк көргөзүшүүдө.

Калктын тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн кызмат өтөөнүн түйшүгү жана  жоопкерчилик опол тоодой чон болгону менен, өз эл-жери үчүн ак кызмат кылуунун сыймыгын да унутпоо керек. “Менин милдетим, намысым өлкөмдүн бейпилдиги менен элимдин тынчылыкта өмүр сүрүүсүндө. Ошону үчүн ар бир минутумду текке кетирбей жарандарыбыздын коопсуздугун жана коомдук тартиптин бекем болуусун камсыз кылуу менен алек болом” деген ураан менен кызмат өтөгөн Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун өздүк курамы ар качан тартип сакчылыгында өз милдеттерин жоопкерчилик менен аткарууда.

 

ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы