2020-жылдын 27-декабрында Ак-Талаа районунун Жеңиш айылында 1993-жылы туулган жигит Ала-Буга суусуна түшүп кеткен. Бүгүн, 17-март күнү издөө улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 

Мааламытта айтылгандай, аны табуу  иш аракети ушул жылдын 6-январына чейин жүргүзүлүп, кыш түшкөнүнө байланыштуу токтотулган, себеби дарыянын жээктери муз болгондуктан, издөөгө мүмкүн болгон эмес.

16-март күнү издөө иштерин улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы бөлүмүнүн куткаруучулары тартылды.