ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан психоактивдүү заттарды жана баңгизаттарды сатуу боюнча туруктуу каналына бөгөт коюу боюнча атайын операциясы ийгиликтүү аяктады.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинин белгилери менен каралган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, Бишкек шаарынын аймагынан интернет аркылуу «Телеграмм» социалдык тармагында «@LuCHiKso» аттуу акаунту менен психоактивдүү жана баңгизаттарды сатуу каналын жөндөп алган фигурант аныкталган.

Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында борбор калаада мыйзамсыз аракеттерин жасоого шектүү катары 1993-жылы туулган К.А. аттуу Оруссия Федерациясынын жараны кармалган.

Жүргүзүлгөн кечиктирилгиз тинтүүнүн натыйжасында жарандын жашаган жеринен ижарага алынган батирден кызгылт-сары түстөгү таблетка түрүндөгү, кендир жытына ээ болгон белгисиз дары-дармектер, тамеки тартуу түрүндөгү жабдуулар, керектөө үчүн түтүктөр жана бульбулятор табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 41 граммды түзгөн, жаңы психоактивдүү зат экендиги аныкталган.

Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Возможно, это изображение (1 человек)

Нет описания фото.

ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы