Алматыга кайрадан карантин киргизилет
Коңшу Казакстандын Алматы облусуна дем алыш жана майрам күндөрү карантиндик чектөөлөр кайрадан киргизилет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматта айтылгандай, мындай чечимди кабыл алууга Алматы облусунда коронавирус инфекциясынын акыркы бир апта ичинде өсүү темпи байкалганы себеп болгон. Өкмөттүн жыйынында доклад жасаган облус башчынын айтымында, медициналык уюмдар керектүү шаймандар жана дары-дармектер менен камсыз болушкан.
20-марттан баштап театрларга, кинотеатрларга, концерттик залдарга, көңүл ачуу борборлоруна, компьютердик клубдарга, көрүүчүлөр менен өтүүчү спорттук иш-чараларга, банкет залдарына тыюу салынат.
Мындан тышкары коомдук транспорттордун жүрүүсүнө чектөө киргизилет. Шаардын ичиндеги жана шаар четиндеги каттамдар дем алыш жана майрам күндөрү эртең менен саат 06:00дөн саат 10:00гө чейин жана кечинде 17:00дөн 22:00гө чейин гана иштей алат.
Казакстанда 276 миңден ашуун адамдан коронавирус аныкталган.