Американын Аризона штатында жашаган 12 жаштагы кыз мектепти эрте аяктап, университетке кирип, мындан ары НАСАда иштеп, космосту изилдөө менен алектенүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Unilad басылмасы  жазды.

Бала кезинен бери Алина Уикер Легодон курулуш жасаганды жакшы көрчү. 12 жашында, кыз үйдөн алган билиминин аркасында орто мектеп программасын толугу менен бүткөн. Ал Аризона штатындагы Мамлекеттик Университетте окуй баштайт.

Кыз астрономия жана планетардык илим жана химия боюнча билим алууну пландаштырууда. 16 жашка чейин Уикер НАСАга жумушка орношуп, космосту изилдөө үчүн жабдууларды, тактап айтканда, Марстын роверлерин түзүүнү көздөйт.

«Канча жашта экениңиз жана эмне кылууну пландаштырганыңыз маанилүү эмес. Жасаңыз, кыялданыңыз, андан кийин жетиңиз ”, — деп өспүрүм кыз өзүнүн жетишкендиктери жөнүндө комментарий берди.

Буга чейин Индиянын Хайдарабад шаары Андхра-Прадештен келген вундеркинд 14 жашында аяктагандыгы маалымдалган. Ал массалык коммуникация жана журналистика адистигине ээ болгон.