Жерүй кенин иштетүүдө бардык экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Талас облусундагы Талас алтын кен комбинатын ишке киргизүү аземинде белгиледи.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы дагы бир маанилүү жагдайды — ишкана менен жергиликтүү калктын ортосундагы ар тараптуу диалогду мындан ары чыңдоо зарылдыгына өзгөчө токтолду.

Салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаров Кыргызстан тоо-кен тармагынын потенциалын жогорулатууга, жалпы өлкө экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн мындай долбоорлорду мындан ары дагы колдойт деп ишендирди.

Президент республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүгүн көтөрүүгө чоң түрткү бере турган «Жерүй» долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга ишенимин билдирди. Ошондой эле, ал телекөпүрө аркылуу аземге катышкан Россиянын Президенти Владимир Путинге аталган долбоорду ишке ашырууда жеке колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.