Жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата шайлоочулардын тизмеси даяр. Бул тууралуу БШКга билдиришти.

БШК тизмелер түзүлүп, шайлоочулардын мамлекеттик порталына жайгаштырылгандыгын тактады

Жалпы тизмеде 3 миллион 308 миң 813 шайлоочу бар, алардын ичинен 1 миллион 583 миң 129 эркек, 1 миллион 725 миң 684 аял, же тиешелүүлүгүнө жараша 47,85 пайыз жана 52,15 пайыз. Шайлоочулардын алдын ала тизмесине салыштырмалуу өсүш 4328ди түзөт.

27-мартка чейин, тизмеге кирүү жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн, тизмеден өзүңүздү тактап алыңыз. Ошол эле күнгө чейин, сиз түзөтүүлөрдү киргизе аласыз.

Тизмеден өзүңүздү текшере аласыз:

«Тизме» мамлекеттик порталында: https://tizme.gov.kg/;

Же  шайлоо участогунда;

паспортуңузда көрсөтүлгөн ПИН-номериңиз менен 119 номерине чалып же SMS жөнөтүү менен (чалуу жана SMS акысыз), сиз шайлоо участогунун номерин жана дарегин аласыз.

Эгерде кандайдыр бир ката же так эместик табылса, анда 27-мартка чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз жана ID-карта менен кайрылуу керек.

 

Добуш берүүчү жайга арыз берүүдө шайлоочу биометрикалык идентификациядан өтүшү керек.

Шайлоочулардын тизмесине кирүү жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн жашаган жерин каттоо дареги паспорттогу жашаган жеринин чипиндеги көрсөтүлгөн жазууга дал келиши керек.

11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо 28 шаарда жана 420 аймакта өтөт.