Кечээ, 17-мартта, Талас облусунда Жерүй кениндеги Талас алтын комбинаты ишке киргизилди.  Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана телекөпүрө аркылуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин катышты. Бул тууралуу, Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Иш-чарада Мамлекет башчылары сөз сүйлөштү.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн стратегиялык маанилүү долбоордун башталышы өлкөлөрдүн ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын ийгиликтүү үлгүсү боло аларын белгиледи.

Ошондой эле ал эки маанилүү учурга — ишкана менен жергиликтүү калктын ортосундагы ар тараптуу диалогду мындан ары күчөтүү жана кенди иштетүүдө бардык экологиялык талаптарды сактоо зарылдыгына токтолду.

Садыр Жапаров Кыргызстан тоо-кен тармагынын потенциалын жогорулатууга жана бүтүндөй өлкө экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон  ушул сыяктуу долбоорлорду мындан ары дагы колдойт деп ишендирди.

Өз кезегинде Президент Владимир Путин Таластагы алтын кен комбинатынын иштеп башташы кыргыз-орус экономикалык кызматташтыгын жана өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк, союздаштык мамилелерди чыңдоо үчүн маанилүү экендигин баса белгилеп, бул боюнча Садыр Жапаровдун сөзүнө толук кошуларын айтты.

Анын айтымында, россиялык инвесторлор атайы фондусун негиздөө менен Талас облусунун социалдык өнүгүүсүнө каржылык жардам көрсөтүүнү максат кылышкан. Каражаттар социалдык долбоорлорду жана бизнести жеңилдетилген насыялоону колдоого жумшалат. Ошону менен ал Талас облусуна жана бүтүндөй мамлекетке олуттуу пайда алып келип,  Кыргызстандын бюджетине жылына 70 миллион долларга жакын каражат түшөрүн кошумчалады.

Россиянын Президенти бул маанилүү долбоорду ишке ашыруу көп кырдуу өз ара пайдалуу кыргыз-орус өнөктөштүгүнүн жана эки элдин ортосундагы бекем достуктун символу болуп каларын, бул Садыр Жапаровдун жакында Москвага болгон иш сапары учурунда жетишилген келишимдердин табиятына толугу менен дал келерин белгиледи.

Ошондой эле иш-чарада «Группа Альянстын»  президенти Муса Бажаев жана «ВТБ банк» башкармалыгынын төрагасы Андрей Костин дагы сөз алышты. Андан кийин Президенттер алтын комбинатын ишке киргизүүгө старт беришти.

Комбинат ишке киргизилгенден кийин Президент Садыр Жапаров кен калдыктарын сактоочу жайды көрүп чыкты. Расмий бөлүк аяктаган соң алтын чыгаруучу фабриканын (ЗИФ) иши менен таанышты.

Кенди иштетүүдөн өлкөнүн бюджетине түшчү жылдык пландаштырылган төлөмдөр болжол менен 4 миллиард сомду түзөрү белгиленди.

Иш башталгандан тартып, долбоорго тартылган кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 1000 адамды түзөт. Бул кызматкерлердин дээрлик бардыгы Кыргыз Республикасынын жарандары жана жергиликтүү тургундар.

Алтын чыгаруучу фабриканын иштөө кубаттуулугу жылына 1,3 миллион тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган руда бул фабрикада кайра иштетилип, андан кийин өлкөнүн аймагында тазаланат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы алтын куймаларды сатып алууда артыкчылыктуу укукка ээ болот.

Мындан сырткары, Садыр Жапаровго үч этап боюнча жалпы белгиленген убакыт ичинде долбоордун инвестициясынын жалпы көлөмү болжол менен 610 миллион долларды түзөрү маалымдалды.

2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейинки убакытта «Альянс Алтын» ЖЧКсы тарабынан  бюджеттик жана социалдык төлөмдөргө, «Бакубат Талас» фондусуна бөлүнгөн сумма —  923 млн. сомду түзгөн. Ал аркылуу  Талас облусундагы социалдык долбоорлор каржыланып, чакан жана орто бизнес үчүн аз пайыздык чен менен жеткиликтүү насыялар берилип турат. Алар үчүн 600 млн сом которулган.

Компаниянын өкүлдөрү кенди иштетүүдө дүйнөлүк стандартка туура келген коопсуз технологиялар колдонуларын, андыктан Жерүй долбоору экологиялык жактан таза экендигин Мамлекет башчысына маалымдашты.

Аксакалдар менен баарлашууда Президент Садыр Жапаров өлкөнүн жетекчилиги ата мекендик экономиканы өнүктүрүү боюнча иштер жасалып жатканын белгиледи.

Ал ошондой эле митингге чыккандар менен жолугушуп, аларды сабырдуулукка жана кырдаалды туура түшүнүүгө чакырганын, өлкөгө инвестиция тартуунун жана бардык экологиялык талаптарды сактоонун маанисин айтып берди.

Аймактын аксакалдары эл Садыр Жапаровго чоң үмүт артып жаткандыгын баса белгилешип, Жерүй долбоорун ишке ашыруу өлкөнүн өнүгүшүнө чоң пайда алып келсин деген тилектерин билдиришти.