Өлкөдө 2022-2023-окуу жылында ар бир мектепке медициналык кабинеттерди ачуу пландалып жатат

307

Кыргызстанда 2022-2023-окуу жылында ар бир мектепке медициналык кабинеттерди ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка  ылайык, буга чейин мектепте шарт жоктугунан ар кандай оорууга кабылган  балдардын айрым категориялары билим берүү мекемелерине бара албай калган учурлар болгон.

Мындан улам, 2022-2023-окуу жылында ар бир мектепте медициналык кабинеттерди ачып, анда иштеген медайымдарга айлык маяна (0,25тен 1 ставкага чейин) төлөп берүү пландалууда. Медициналык кабинеттер ачылса аларды жабдууга 386,7 млн. сом, мед кызматкерлердин эмгек акысына жалпы 232,1 млн. сом сарпталат.

«Кант диабети бар балдар, эгерде үйрөтүлүп-окутулган персонал жана инъекцияны алуу же аны өз алдынча жүргүзүү үчүн орун-жай болсо, мектепте окуй алышат. Талма оорусу кээде эле кармай калган балдар, эгерде мектепте медициналык кызматкер болсо, кадимки класста окушса болот. Башкача айтканда, медициналык мектептерди ачуу жана мектептин штабына медайымды киргизүү ар кандай оорусу бар балдардын билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгүн бир кыйла көбөйтүүгө шарт түзөт» — деп жазылган маалыматта.

Белгилүү болгондой, өлкөдө 2020-жылдагы статистикалык маалыматтар боюнча 2283 мектеп бар. Окуучулардын жалпы саны 1,3 млнду түзөт.