Коом

Кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынды

Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын тышка чыгарууга тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков брифингде билдирди.

Анын айтымында, бийлик өлкөдө эң керектүү өнүмдөрдүн тартыштыгын алдын алуу жана алардын бааларын төмөндөтүү үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.

«Премьер-министр өлкөдөн кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салган буйрукка кол койду. Бул ички рынокко жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна оң таасирин тийгизет деп ойлойм. Бүгүнкү күндө өлкөдө ун, шекер, өсүмдүк майынын тартыштыгы жок», — деди Аскарбек Жаныбеков.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button