Окумуштуулар Марстагы суу кайда жоголгонун аныкташты
Америкалык окумуштуулар буга чейин Марстын бетин каптап турган суунун көпчүлүгү космоско учуп кетпегенин айтышкан. Ал планетанын тектерин түзүүчү минералдарда кездешет. Бул тууралуу Science журналы билдирет.
Адистердин айтымында, байыркы Марста суюк суу көп көлөмдө болгон. Кургак дарыялар, байыркы көлдөрдүн жана океандардын бассейндери планетанын бетинде дагы эле сакталып калган. Алгачкы миллиард жылдык жашоо учурунда тартылуу күчү начар болгондуктан, суунун көпчүлүгү Марста жок болуп кеткен деп эсептелет.
Ал эми, Калифорниянын Технологиялык институтунун жана НАСАнын реактивдүү кыймыл лабораториясынын изилдөөчүлөрү бул гипотезага башкача өңүттө баа беришти. Алар Марста болжол менен төрт миллиард жыл мурун суу жетиштүү болгон деп эсептешет.
«Атмосфералык дал келбестиктер бизге, Марста канча суу болгонуна байланыштуу маалыматтарды толук түшүндүрүп бере албайт», — дешти окумуштуулар.
Алар суу башка тектер менен өз ара аракеттенишкенде, аба-ырайы бузулуп, башкача айтканда, суу топтолоорун белгилешкен. Бул процесс Жерде гана эмес, Кызыл Планетада дагы болот. Марс жалпысынан тектоникалык активдүү эмес, ошондуктан бул жердин бетинин «кургашы» түбөлүктүү болуп калган дешет.
Буга чейин Perseverance прибору Марстын үстүнө конгону маалымдалган. Белгилүү болгондой, ровердин биринчи сапары бейшемби, 4-мартта болгон. Аппарат 4 метр алдыга айдап, 150 градуска бурулуп, 2,5 метр артка жылган. Жалпысынан ровер 33,5 мүнөттө 6,5 метр аралыкты басып өткөн.
Эске салсак, Perseverance Rover Кызыл Планетанын бетине 2021-жылдын 18-февралында конгон жана 6 миңден ашуун сүрөт тарткан.