Калк менен байланышты жакшыртуу максатында Башкы прокуратуранын расмий сайтында онлайн-кабылдама иштеп жатат. Кыргызстандын жарандары өлкөбүздүн баардык аймактарынан жана чет мамлекеттерден дагы башкы прокуратурага өз кайрылуу, арыздарын жөнөтсө болот. Онлайн кабылдама  мекемедеги иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана иш алып барууну тездетүү максаттында ачылган.

Кайрылуулар «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык тѳмѳнкү учурларда кароого кабыл алынбайт:

  • адепсиз жана кемсинтүүчү, мазактоочу сѳздѳр камтылса;
  • текст латиницаны колдонуу менен орус тилинде жазылса же бардык сѳздѳр баш тамга менен жазылса, сүйлѳмдѳргѳ ажыратылбаса;
  • почтасынын дареги толук жана так кѳрсѳтүлбөсѳ;
  • кайрылуу арыздануу, даттануу, сунуштоо иретинде жазылбаса;
  • андан тышкары, мамлекеттик бийликте тѳңкѳрүш жасоого, улуттар аралык жана конфессиялар аралык жаңжалга үгүттѳѳлѳрдү камтыса.

Электрондук түрдѳ жѳнѳтүлгѳн кайрылуулардын авторлорунун жекече маалыматтары мыйзамдын талабына ылайык жүзөгө ашырылат.