А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театры 27 – март Эл аралык ТЕАТР күнүнө карата 22-27-мартка чейин атайын “Театр жумалыгын” өткөрүүнү жарыялайт .

Жумалыгынын өтүү тартиби:

22-март, саат 10:00дө жумалыктын ачылышы — ачык эшик күнү

Сүрөт көргөзмө, дидарлашуу, театр тууралуу баарлашуу. Театр ишмерлери, жазуучу-драматургдар, акындар, мугалимдер, студенттер, активисттердин катышуусунда

саат 14:00 Манас айтуу башталат, ага удаа эле көркөм окуу уланат

23-март, саат 11:00дө — Балдар күнү

– Балдарга театрды терең тааныштыруу, артисттер менен жолугушуу жана «Сыйкырдуу так» жомогун, «Атадан калган туяк» спектаклин тартуулоо

Режиссеру: Курманбек Ниязбеков

24-март, саат 14:00дө  Айтматов жана театр күнү

– «Айтматов ааламы» — Ч.Айтматовдун чыгармаларынан театралдык композиция. Режиссеру: Курманбек Ниязбеков

25-март,  саат 14:00дө

– «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» спектакли Бексултан Жакиевдин 85 жылдыгына арналат. Режиссеру: Акылбек Абдыкалыков

26-март, 14:00дө жумалыктын жабылуу аземи

– Эл аралык театр күнү – жыйынтыктоочу театралдаштырылган концерт

Баардык көрүүчүлөр үчүн апта бою эшик ачык, кирүү акысыз!

 

Театрдын директору: Мамажан Бердишев

Көркөм жетекчиси: Курманбек Ниязбеков