Өзбекстандын Наманган облусунан келген жумушчу делегация Жалал-Абад шаарындагы бир катар өндүрүштүк мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, келген делегацияны облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов жана шаар мэри Эрнисбек Ормоков жетектеп, калаадагы ири өндүрүштүк жайлардын мүмкүнчүлүктөрү боюнча маалымат беришти.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусу менен Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун ортосундагы кызматташууну андан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча түзүлгөн жол картасынын алкагында ар тараптуу кызматташуу жанданат.

Бүгүн Жалал-Абадга Наманган облусунан келген бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер менен облустар ортосундагы соода-экономикалык, айыл чарба, кайра иштетүү жана туризм жаатындагы иш алып баруу багыттары талкууланды.