Ата-эне статусуна ээ болгон жаш жубайлар үчүн наристенин бир жашка чейинки түн уйкусу түйшүк жаратуусу мүмкүн. Ал эмнеден болот, наристенин тынч уйкусу үчүн кандай шарттар болушу зарыл, бул тууралуу адистер жаш ата-энелерге кеңеш берет.

Чындыгында, бардык эле балдар начар уктай бербейт. Болжол менен 30-40% көйгөйлөр бар. Мунун себептери физиологиялык жүрүм-турум, ич көөп, тиштери чыгышы, гемоглобиндин төмөндүгү, D витамини жетишсиздиги, отит жана башкалар  болушу мүмкүн.

Эгерде баланын ден-соолугу менен бардыгы жакшы болсо, анда сиз уктоо шарттарын карашыңыз керек.

Биринчиден, нымдуулук. Наристелер ушунчалык сезгич  болушат! Бөлмөдөгү нымдуулук 50-70% ды түзсө гана жакшы укташат антпесе, балдардын мурундун былжыр челдери кургап же суусап ыңгайсыздыкты сезишет.  Ал эми температура 18-22 градус болушу шарт.

Ошондуктан, колдон келсе   бөлмөнү нымдаткычтарды, аба тазалоочу каражаттарды сатып алган  жакшы. Бул балдарда дагы, чоңдордо дагы уйкунун сапатын  жакшыртат.

Экинчиден, караңгылык. Бул мелатонинди өндүрүү үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан, уктаардан бир жарым саат мурун жарыкты өчүрүп, пардаларды жаап, гаджеттерди таптакыр колдонбойбуз (экрандардын көк жана көк жарыгы мелатонинди жок кылат). Мелатонин канчалык көп болсо, түн ошончолук жакшы болот.

Үчүнчүдөн, жымжырттык.

Төртүнчүдөн, уктай турган жерде оюнчуктардын, жаркыраган мобилдик телефондордун жоктугу, үн менен алаксытып, жаңы төрөлгөн ымыркайдын нерв системасын ашыкча жүктөй турган нерселер жок болушу керек. Балдардын төшөктөрү кебезден болгону жакшы. Анткени  балдар бурулуп, мурундарын жаздыкка жаап алышат, бирок кайра артка  оодарылып кетүүнү билишпейт. Бул учурда наристеге аба жетпей бала чарчап калуусу мүмкүн.

Күнүмдүк жашоонун так тартиби өтө маанилүү, бул балага алдын-ала билүү жана коопсуздук сезимин берет.

Эң негизгиси эненин абалы. Наристелер ата-эненин сезимдерин түзмө-түз «окуйт». Ымыркай кайгырып, стресс, депрессия болгон эненин жанында ыйлай баштайт.

 

 Даярдаган  Жазгүл Баяналиева