Бишкек шаарында Нооруз майрамы белгиленбейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитет коронавирус инфекциясына байланыштуу борбор калаада массалык иш-чараларга чектөө киргизилгенин белгиледи.

Ошондой эле башка мамлекеттерде вирустун жаңы штаммы табылып жаткандыктан Ноорузду өткөрбөй эле коюу чечими кабыл алынганы айтылат.

Мындан сырткары, курч кармаган вирустук инфекциялар менен кайрылгандар көп болуп жатканы кошумчаланды. Буга байланыштуу райондук акимиаттардын башчыларына санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү тапшырылган.