Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан фискалдык органдардын ишиндеги коррупциялык фактыларды аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, ишкердик субъекттеринин салыктык чегерүүлөрүн мыйзамсыз төмөндөтүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурулгандыгы аныкталды.

2021-жылдын 18-мартында салык төлөөдөн баш тартууга жардамы үчүн сыйлык катары 240 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Бишкек шаарынын Свердлов райондук МСКБ башчысынын орун басары «К.У.К» жана Бишкек шаарынын Ленин району боюнча МСКБ инспектору «У.А.А.» кармалышты.

Такталгандай, аталган жогору кызмат адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлошүп алышып, жасалма документтерди колдонушуп, Кыргыз Республикасына импорттолуучу элге керектлүүчү товарларга салыктык салыктык чегерүү алынып салынгандыгы аныкталды.

Кармалгандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда МСК органдарында ушул сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттердин фактыларын аныктоо жана мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.