Афганистандын борбордук бөлүгүндөгү Вардак провинциясында Афганистандын атайын күчтөрүнүн тик учагы кулап, анын бортундагы тогуз адам каза болгонун аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди.
«Тилекке каршы, Ми-17 тик учагы Вардак провинциясынын Бехсуд районунда кулады. Бул кырсыктан коопсуздук күчтөрүнүн тогуз кызматкери каза болду. Коргоо министрлиги кырсыктын себептерин иликтөөдө», — деп билдиришкен Коргоо министрлигинен.
Бехсуд районунда жергиликтүү тургун РИА Новостиге билдиргендей, тик учакты түн ичинде согушкерлер атып түшүрүшкөн.