“Нурлуу кайрымдуу кыздар жамааты”  Чүй облусунун Токмок шаарында  жайгашкан кароосуз калган жана жетим балдар үйүнө тигүү цехин ачып беришти. Ачылуу аземине спикер Талант Мамытов да катышты. 

Уюштуруучулардын айтымында, 1956-жылы салынган имаратты толук оңдоо иштеринен өткөрүп, тигүүчү машыналарды, тигүү үчүн керек болгон баардык буюмдар алынган. Эки ай аралыкты талап кылган оңдоо түзөө иштерине 1 млнго жакын каражат сарпталды.

Жамаатын башкы максаты, кароосуз калган жана жетим балдар, мектепти бүтүргөн соң андан ары билим алып жашоосун улантуусу үчүн кам көрүү болуп саналат. Бүтүрүүчү класстардын балдарына шарт түзүп, алар келечекте ушул тигүү цехинде эмгектенүүсүнө мүмкүнчүлүк тузүлөт. Мындан сырткары ошол жатак интернатта билим алып жаткан балдарга жууркан төшөк, кийим- кече алып беришти.