Казакстандын Улуттук борбору «Казакстандын борбору — Нур-Султан» («Qazaqstannyń astanasy — Nur-Sultan») аталышындагы коллекциялык тыйын чыгырды. Анын бетине Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматта айтылгандай, Назарбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн тыйын 1000 тенгеге бааланган. Ал 925/1000 пробасындагы 46,2 грамм күмүштөн жана 999/1000 пробасындагы 16 грамм алтындан жасалган. Тыйындын диаметри — 50 миллиметр. Тиражы — 1 000 даана.

Тыйындар Казакстандын аймагында пайдаланууга жарактуу. Алар Казакстанда чыгарылган.