Бүгүн Исхак Раззаковдун жаркын жашап өткөн өмүрү, жасап кеткен орошон эмгектерине арналган «Исхак Раззаков жана анын жердештери» аттуу жаңы китеп Бишкек шаарынан жарык көрдү.

Бул тууралуу китептин автору, журналист Абдиллабек Авазов фейсбуктагы баракчасына жазды.

Китептин демөөрчүсү, Республикалык Исхак Раззаков фондунун төрагасы Замирбек Осмонов.

Автордун айтымында, аталган басылма улуу инсандын көз жумган күнү жарык көргөн. Китепти даярдоого  журналист  Сайрагүл Дуулатова  жана акын Айнагүл Базарбаева жардам беришкен.