Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасы каралды. Соттун чечими боюнча, Мухаммедкалый Абылгазиевдин камакта калуу мөөнөтү 25-майга чейин узартылды.  Экс-министр журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары кармалганы белгилүү болгон.

Ал  өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөр Голд Компани” ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгону аныкталгандыгы маалымдалган.