Бул катты жазуумдун себеби, ичиме толгон бук, жүрөктү чырмаган азап болду. Балким менин башыман өткөн башкага сабак болор. Баарына чыдап, ичине баарын батырып, бары өтөт деген аялдарга арналат. Мындан кандай тыянак чыгаруу ар бир окурмандын өз эрки.

Ушул кылганым туура чечим эми артка кайтпайм! Буга чейин канча ирет кечирип, кылыктарын калп деп кабылдап, уккан ушактарды  кулактын сыртынан кетирип, капарыма албай күн кечирдим. Баканы деле бассаң “бак” деген үн чыгат. Чыдоонун да чеги болот.  Албетте мынчалык, албууттанып, ачууланып, мага арманды белек кылбасаң башыма коюп сыйлап, баркатап алмакмын. Ооба, мунун баарына бир гана көпкөндүк себеп болду.

Биз баш кошкондо баары жакшы болду. Башкалардай жаңы турмуш баштап, бар жокту баштан кечирип, батирлеп жүрүп, качан гана менин атам көмөк кылып, бутка туруп, барчылыкка батына албай, башкаларга көз артып, мени экинчи планга калтырдың. Туура, өзүнө келээр дедим.  Алгач эч кимге сыр бербей, башкалардын астынан сууруп алып, жакшылык, жамандыкка ээрчитип барып жүрдүм. Балдарым байкабасын деп, бар күчүмдү жумшап, жаманыңды жашырып, балдарга сый болсун деп, “атаң билет, атаңдан сура, ал макул болсо” деп мартабаңды көтөрүп келдим. Анда да аша чаап, кызың менен тең кыз менен көңүл ачып жүргөнүңдү балаң көрүп, жолдошторунун астында шагы сынып, шаабайы сууп келгенде “кой эми болду жетишет”  дедим. Балаң өзү баш болуп “бул үйдө же мен калам же атам” деген шарт койду.

Ал аз келгенсип, сенин жаш шуркуяң мага чалып “эми бошот, биз сүйүшүп калдык ”  дегенде, ачуум менен кийимдериңди бүт өрттөдүм. Ойлосом баарын мен сатып берген экенмин. Астыңдагы унааны балама алып бердим. Колуңдагы кымбат смартфонду туулган күнүңө алып берген элек. Жыпжылаңач кебетең менен “ашыгыңдын” алдына салып берсем, ал да байлыгы жок сени башына тартмак беле, алты кадам узабай тыштап кетти.  Эми болсо эч жакка батпай көчөдө бомж болуп калдың. Мен буларды күйгөнүмдөн айтып жатам. Жылуу-жылуу сүйлөп, балдарым деп күн кечирип, азап менен бутка турганда кутуруп баштаганың болду. Кыргыз байыса катын алат деген туура айтылган экен. Эми өз күнүңдү өзүң көр! Ушунча күйүп, сүйүп, тырышып, сени коргогон сайын көрсөткөн сыйың ушул болду. Канчалык мага кыйын болсо да 40 тын кырына чыкканда коштошууга туура келди. Мен эми артка кайтпайм. Аялбыз деп баарын ичке жутуп, моюнга жүктү жүктөп, турмушка тике караган сайын, үстүңдөн  камырдай ийлейт экен. Баладай бапестеп, тун уулумдай кылып бактым, эми мен да жакшы жашоого өзүм үчүн күн кечирүүгө акым бар чыгар, бул дүйнөгө азап тартканы,кайгырганы жаралбасам керек.

 

Жылдыз