Кечээ, 19-мартта, болжол менен саат 17:30да Салиев көчөсүнөн жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салиев көчөсүнөн, номер 271 үйүнүн жанынан көк желим ящикке салынып, ак жалаякка оролгон ымыркай табылган. Аны биринчи болуп, көчөдөн өтүп бараткан аял таап, дароо милицияга кабар берген.

Ымыркай азия улутундагы, алты саны аман кыз экен. Кичинекей кыз балдар үйүнө өткөрүп берилди, — дешет  укук коргоочулар.

Учурда тергөө иштери жүрүп, ымыркайдын энесине издөө иштери жүрүп жатат.