Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан 10 миллион сомдон ашуун суммадагы мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, акциясы мамлекеттин менчигинде болгон «Айдаркен сымап» акционердик коомунун 2,3га жер тилкеси жана анда жайгашкан кыймылсыз мүлктөр жергиликтүү бийликтин мыйзамсыз токтомунун негизинде 2003-жылы жеке менчикке өтүп кеткен.

«Прокуратура жогорудагы токтом жана мамлекеттик актыны жараксыз деп табуу максатында сотко доо арыз келтирилген. Соттук териштирүүлөрдүн натыйжасында бардык соттук инстанциялар тарабынан жер тилкени жеке менчикке ажыратып берүү жөнүндөгү укук күбөлөндүрүүчү жана укук тастыктоочу документтер жараксыз деп табылган» , — деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында, 2021-жылдын 25-февралында кыймылсыз мүлктөр кайрадан «Айдаркен Сымап» акционердик коомунун менчигине кайтарылган.

«Айдаркен Сымап» акционердик коому 1967-жылы курулуп, иштей баштаган. Бирок, 2008-жылы токтоп калган. 10 жылдап иштебей турган фабрика 3 жыл мурун кайрадан капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ишин баштаган.