Экс-спикер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутатты Ахматбек Келдибеков Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Кадырлуу кыргыз калкым!

Сиздерди жаздын алгачкы деми менен жүрөгүбүзгө изги үмүт, асыл – тилектерди түнөткөн, жан – дүйнөбүзгө кут ыроолоп, жаңыруу менен аруулуктун илебин алып келген Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Элибиз эзелтеден «Нооруз – жаңы Күндүн башталышы» деп бул майрамга өзгөчө маани берген. Ушул Улустун Улуу Күнү күн менен түн теңелип, жыл тогошуп, баба дыйкан үрѳн себип, элибиз көктөм менен жаз келгенине каниет кылып, ак-караны, чын-жалганды жеңет деп тилек кылган. Жаратканга, Тирүүлүккө, ѳз жаңылануусун жаңы баштаган Табиятка таазим этишкен.

Анткени, Нооруз — бул жаңылануунун майрамы, адам менен табияттын шайкештигинин майрамы, ыймандык тазаруу менен аруулануунун майрамы!

Нооруздун эң башкы касиети — ал элди ынтымакка, достукка, ырашкерликке, боорукерликке, кечиримдүүлүккө үндөп келген. Жер жарылып көк чыгып, элибиз жер энеге, кутман талаага үрөөнүн сээп, молчулукту, токчулукту тилеген.

Урматтуу мекендештер!

Чыгыш элдеринин касиеттүү Нооруз майрамы менен баарыңыздарды чын дилимден куттуктайм. Өлкөбүздө бейпилдик өкүм сүрүп, элибиздин келечекке умтулган тарыхтагы сапары байсалдуу болсун.

Ар бириңиздерге ыйман байлыгы — тазалыкты, жашоо байлыгы — бакытты, жер байлыгы – мээнетти, эл байлыгы – тынчтыкты, мамлекет байлыгы – туруктуулукту каалайм!

Ылайым Нооруз майрамы бизге дем берип, жакшы тилектерибиз, асыл максаттарыбыз ишке ашсын. Жаман дарттан, илешкен оорудан алыс бололу. Кандай кырдаал болбосун баарын ынтымак, биримдикте жеңели. Бар бололу, бир бололу Нооруз майрамыбыз кут болсун!»-деди Келдибеков.